Тилек Матраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Өзбекстандын чек ара кызматы 9-октябрда Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берди. Матраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Эки күн мурун Матраимов жана анын жансакчылары Зиябиддинбек Кочкорбаев, Махсуд Ахмедов кыргыз-өзбек чек арасын дарыя аркылуу мыйзамсыз кесип өтүүдө кармалган. Аларга «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү аракети» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Буга чейин УКМК тараткан маалыматта депутат Искендер Матраимовдун уулу да чек арадан өтүүдө кармалганы кабарланган. Бирок азырынча атайын кызмат ал кайда экени боюнча маалымат бере элек.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстанда таасирдүү деп эсептелет. Алардын арасынан эң эле белгилүүсү бул — бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Ал эми Тилек Матраимов анын иниси. Ал Кара-Суу районун 2012-жылдан тарта башкарып келген.

Тилек Матраимов шайлоо алдында ден соолугуна байланыштуу бир айлык эмгек өргүүсүн алган. Бирок коомчулукта Матраимов иштен кеткени тууралуу маалымат тараган.

6-октябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тургундар чогулган. Алар акимдин кетишин талап кылып, имаратка кирип барышкан. Жыйынтыгында акимдин убактылуу милдетин аткаруучусу болуп Руслан Маматов болгондугу кабарланган.

Маматов Матраимов менен телефон аркылуу байланышуу аракетинен майнап чыкпаганын айткан. Ошондой эле Матраимовдордун өкүл балдарына, туугандарына «бул жакта орун жок» деп белгилеген.

Кийинчерек өзүн аким деп санаган Маматовдун ишке киришкени да легитимсиз деп эсептелип, акимдин милдетин биринчи орун басары Капарбек Абдиев аткарууда.

Тема боюнча:

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандан кармалды

«Матраимовдордон кутулганыбызга кубанып турабыз». Кара-Суунун жаңы акими маек берди