Видео: Милиция «Дордой Моторсто» кызды сабаган кишини издеп жатат

«Акипресс» басылмасы Ленин РИИБинин басма сөз кызматына таянып билдиргендей, борбор калаанын милициясы «Дордой Моторс» базарында кызды сабаган адамды издеп жататат.

Окуя болгон жерден тартылган видеону «Короче» телеграм-каналы жарыялады.

Видеодон бир киши кызды башка чаап, бут санына тээп, андан соң кайрадан бетке чаап, кыз кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Андан кийин аларга жолдо өтүп бараткандар келип, кызды коргой башташкан.

РИИБдин маалыматына караганда, шектүү адам кызды 11-октябрда Дэн Сяопин көчөсүндө сабаган. Аталган факт милицияда «Ээнбаштык» беренеси боюнча катталып, издөө амалдары башталды.