Боршайком «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтаруу боюнча маселени карай алган жок. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, буга 13-октябрда кворум чогулбай калганы себеп болгон.
Мурдараак комиссия ага алтынчы чакырылышта бош орундук жок болгондуктан мандатын кайтарып берүүдөн баш тарткан. Көп өтпөй эле анын партиялашы Садык Шер-Нияз Текебаевдин парламентке келиши үчүн мандатынан баш тартууга даяр экенин билдирген. Ал БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атына арыз жазып, мандатын партиянын лидеринин пайдасы үчүн жокко чыгарууну өтүнгөн.
Жогорку сот мурдагы инстанциянын өкүмүн жокко чыгаргандан кийин Текебаевде Жогорку Кеңешке кайтуу укугу жаралган. Учурда анын иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Саясатчыга карата айыптоочу өкүм чыкканга чейин анда парламентте иштөөгө укугу бар.
Текебаевдин иши
Оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын лидери 2016-жылдан бери эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тиреште болуп келген. Алгач партия Атамбаевдин конституциялык реформасын колдобой койгон.
Андан соң Текебаев президентти Кой-Ташта мыйзамсыз жер алган жана көмүскө киреше алып турган деп айыптап чыккан. Ал эми партиянын юристтери Дача-Су кыштагына кулап кыйраган «Боинг-747» учагына Атамбаевдин тиешеси бар болгонун билдиришкен.
Оппозиция кийинки кадамы менен 2017-жылдын жаз айларында Атамбаевге импичмент жарыяламак болчу. Бирок, 2017-жылдын февралында Текебаев, анын ичинде партиялашы Дүйшөнкул Чотонов камакка алынган.
Саясатчылар 2010-жылы «Мегаком» уюлдук операторун башкарууга мүмкүнчүлү түзү берүү үчүн орус ишкери Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп айыпталышкан.
Текебаев менен Чотонов 2017-жылы коррупция жана опуза боюнча күнөлүү деп табылган. Ал эми Текебаевге байланыштуу «Сентябрь» телеканалы «экстремисттик материалдарды» көрсөткөн делип жабылган. БШК өкүм чыккандан кийин Текебаевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда чакыртып алган.
2019-жылдын жай айларында Жогорку сот Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароого жөнөткөн. Ал кезде БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, Текебаев акталган күндө деле мандаты кайра берилбейт деп айткан. Ал мындай билдирүүсүн Кыргызстанда бул кадамга жол берүүчү мыйзам базасы жоктугу менен түшүндүргөн.
Бекматовдун айтымында, Текебаев алтынчы чакырылыштын мандатын кайтара алмак эмес, бирок 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу укугу бар болчу. «Ата Мекендин» лидери «жаштар үчүн жол бошотуп берүү» үчүн шайлоого катышуудан баш тарткан. Бирок, ал башаламандык жана саясий кризис башталгандан кийин парламентке кайтууну чечкен.