Депутат Садык Шер-Нияз мандатын Текебаевге берүү үчүн БШКга арыз жазды

Садык Шер-Нияз

«Ата Мекен» партиясынын депутаты, коомдук ишмер жана кинорежиссёр Садык Шер-Нияз депутаттык мандатынан баш тартканын жана орунду аталган партиянын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевге бошотуп бергендигин билдирди.

Депутат Шер-Нияз «Азаттык» басылмасына Боршайком анын мандатын Текебаевге бербей турган болсо анда бул кадамынан баш тартарын айткан. Анын айтымында, парламент Өмүрбек Текебаев сыяктуу күчтүү саясатчыга муктаж.

«Борбордук шайлоо комиссиясы учурда фракцияда "депутаттык вакансиялык мандат жок" деген тыянак чыгарыптыр. Ошондуктан, мен өзүмдүн ордумду бошотуп, аны лидерибизге берүүнү туура көрдүм. Эгер эртең алар бүгүнкү чечиминен баш тартып, мен бошоткон орунду да Текебаевге бербей, оюн кыла турган болсо, анда арызым күчүн жоготот», — деп айткан Шер-Нияз.

Депутат мандатынан баш тартуу тууралуу арызын мындан бир күн мурун берген, БШКда ал 13-октябрда каралмакчы.

Садык Шер-Нияздын арызы

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев мандатын кайтаруу тууралуу арызы менен БШКга 10-октябрда кайрылган. Бирок анын арызы комиссия караган эмес, алар муну учурда бош мандаттын жоктугу менен негиздешкен. Ошондой эле комиссиянын жыйынына БШК мүчөлөрү жетиштүү санда катышкан эмес деп жүйөлөшкөн.

Ал эми Текебаев өзү эмнеге парламентке кайра барууга ниеттенгени боюнча комментарий бере элек.

Текебаев 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылы соттолгон. Анда сот саясатчыны сегиз жылга камоо боюнча өкүм чыгарган.

2020-жылдын август айында Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайрадан кароо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген. Кийин райондук сот Текебаевди үй камагына чыгарган.

Тема боюнча:

БШК Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу боюнча арызын карайт