Депутаттар Канат Исаевди парламенттин төрагасы кылып шайлады

13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» резиденциясында жыйынга чогулуп, анда «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев жаңы спикер болуп шайланды.

Аталган кызматка Исаевден башка талапкер болгон жок. Башка фракция жетекчилери аны колдоп беришти.

Жалпы жыйынга 62 депутат катышты, мындан тышкары айрым депутаттар ишеним кат аркылуу добуш беришкени кабарланды. Добуш берүүдө купуялуулук сакталып, 80 бюллетень таратылып, эки депутат гана каршы добуш берген. Калгандары Исаевдин спикер болушун колдоп беришти.

Ошондой эле депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун 19-октябрга чейин Бишкекке өзгөчө абал киргизүү буйругун жактырышты.

5 күндүк саясий кризис

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин тынчтык митинги башталган. Саат 11ден тартып митинг тынч өткөн. Кечке маал нааразы тараптын айрымдары Ак үйдүн тосмосун жулкулдатып башташкан.

Ошондон кийин гана, курал-жарагы жок, күнү бою көчөлөрдө тартипке көз салган укук коргоо кызматкерлери митингчилерди кубалай башташкан. Акциянын катышуучуларын күч менен таркатуу учурунда 19 жаштагы бала жарадар болуп, көз жумган.

Күч кызматкерлери суу аткычтарды, резина окторду, газ, үн чыгаруучу гранаталарды колдонушкан. Ал эми митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, союлдарды колдонушкан. Түн жарымдан кийин күч салмагы ооп, митингчилер парламенттин имаратын басып ала алышкан. Ал убакта эки тарапта тең жарадар алгандар болгон.

Андан соң демонстранттар УКМКга барып, дарбазасын талкалашкан, ал эми атайын кызматтан жаңжалдын кереги жоктугун айтып, жергиликтүү ТИЗОдон мурдагы президент Атамбаевди бошотуп беришкен. Андан кийин Атамбаевдин тарапкерлери анын үзөңгүлөштөрүн, Сапар Исаковду жана мурдагы жансакчыларын бошотушкан.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 6-октябрда чыккан сот чечиминин негизинде Алмазбек Атамбаев жана Кой-Таш окуясы боюнча башка соттолгондор 2020-жылдын 11-ноябрына чейин үй камагына чыгарылганын кабарлаган.

Ошол эле учурда Атамбаевге оппозициячыл маанайдагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан бошотууга үлгүрүшкөн. Андан кийин алар Жапаровду борбордук аянтка алып келип, премьер-министрлик кызматка дайындоо талабын айтып чыгышкан.

Агрессивдүү эркектерден турган топ 10-октябрга чейин Жапаровдун премьер болушун талап кылып, аянттан кетпей коюшкан. Алар дүкөндөрдү талап-тоноого, журналисттерге кол салууга аракет кылышкан.

Ал эми 9-октябрда оппозициянын жана УКТга каршы тынчтык митингинин катышуучуларына кол салышкан. Алардын катарында Алмазбек Атамбаев жана ага тиешеси жок оппозициячыл жаш саясатчылар дагы болгон.

Эки митингдин кагылышуусунда Атамбаевдин автоунаасына белгисиз адам төрт жолу ок чыгарган. Нааразычылык акциясынын натыйжасында депутаттар тобу тарабынан премьер-министрлик кызматка дайындалган Садыр Жапаров, ок атууну Атамбаев өзү уюштурган деп билдирген.

Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы жөнүндөгү токтомго парламенттин вице-спикери Мирлан

Бакиров 12-октябрда кол койгон. Бакиров парламенттик шайлоого Матраимовдорго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер. Жогорудагы токтомго президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна жиберилген.

Анткен менен Жапаровдун өкмөт башчылык кызматына дайындалышына баары эле макул эмес. Дароо бир нече депутат Жапаровдун талапкерлиги бекитилген парламенттин мамрезиденциядагы жыйынында кворум болгон эместигин, депутаттар жетиштүү санда чогулбаганын билдиришкен. Мындан тышкары, аталган жыйында парламенттин жаңы эле шайланган спикери Мыктыбек Абдылдаев ыйгарымдарынан баш тарткан.