Президент Жапаровду өкмөт башчылыкка бекиткен токтомду артка кайтарат

 Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда Садыр Жапаров менен жолугушту. Анда Жээнбеков парламенттин Жапаровду премьер-министр катары бекиткен токтомун кайрадан кайтарарын белгиледи.

Мунун себебин президент чечимдер легитимдүү болушу керек деп түшүндүрдү.

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы аталган маселени мыйзам сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылат.

5 күндүк саясий кризис

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин тынчтык митинги башталган. Саат 11ден тартып митинг тынч өткөн. Кечке маал нааразы тараптын айрымдары Ак үйдүн тосмосун жулкулдатып башташкан.

Ошондон кийин гана, курал-жарагы жок, күнү бою көчөлөрдө тартипке көз салган укук коргоо кызматкерлери митингчилерди кубалай башташкан. Акциянын катышуучуларын күч менен таркатуу учурунда 19 жаштагы бала жарадар болуп, көз жумган.

Күч кызматкерлери суу аткычтарды, резина окторду, газ, үн чыгаруучу гранаталарды колдонушкан. Ал эми митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, союлдарды колдонушкан. Түн жарымдан кийин күч салмагы ооп, митингчилер парламенттин имаратын басып ала алышкан. Ал убакта эки тарапта тең жарадар алгандар болгон.

Андан соң демонстранттар УКМКга барып, дарбазасын талкалашкан, ал эми атайын кызматтан жаңжалдын кереги жоктугун айтып, жергиликтүү ТИЗОдон мурдагы президент Атамбаевди бошотуп беришкен. Андан кийин Атамбаевдин тарапкерлери анын үзөңгүлөштөрүн, Сапар Исаковду жана мурдагы жансакчыларын бошотушкан.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 6-октябрда чыккан сот чечиминин негизинде Алмазбек Атамбаев жана Кой-Таш окуясы боюнча башка соттолгондор 2020-жылдын 11-ноябрына чейин үй камагына чыгарылганын кабарлаган.

Ошол эле учурда Атамбаевге оппозициячыл маанайдагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан бошотууга үлгүрүшкөн. Андан кийин алар Жапаровду борбордук аянтка алып келип, премьер-министрлик кызматка дайындоо талабын айтып чыгышкан.

Агрессивдүү эркектерден турган топ 10-октябрга чейин Жапаровдун премьер болушун талап кылып, аянттан кетпей коюшкан. Алар дүкөндөрдү талап-тоноого, журналисттерге кол салууга аракет кылышкан.

Ал эми 9-октябрда оппозициянын жана УКТга каршы тынчтык митингинин катышуучуларына кол салышкан. Алардын катарында Алмазбек Атамбаев жана ага тиешеси жок оппозициячыл жаш саясатчылар дагы болгон.

Эки митингдин кагылышуусунда Атамбаевдин автоунаасына белгисиз адам төрт жолу ок чыгарган. Нааразычылык акциясынын натыйжасында депутаттар тобу тарабынан премьер-министрлик кызматка дайындалган Садыр Жапаров, ок атууну Атамбаев өзү уюштурган деп билдирген.

Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы жөнүндөгү токтомго парламенттин вице-спикери Мирлан

Бакиров 12-октябрда кол койгон. Бакиров парламенттик шайлоого Матраимовдорго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер. Жогорудагы токтомго президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна жиберилген.

Анткен менен Жапаровдун өкмөт башчылык кызматына дайындалышына баары эле макул эмес. Дароо бир нече депутат Жапаровдун талапкерлиги бекитилген парламенттин мамрезиденциядагы жыйынында кворум болгон эместигин, депутаттар жетиштүү санда чогулбаганын билдиришкен. Мындан тышкары, аталган жыйында парламенттин жаңы эле шайланган спикери Мыктыбек Абдылдаев ыйгарымдарынан баш тарткан.