Ак үйдөн Гапар Айтиев атындагы музейге таандык сегиз сүрөт жоголду

Маданият министрлиги билдиргендей, Ак үй басылып алынгандан кийин Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт исскусство музейинин фондуна тиешелүү сегиз сүрөт жоголгон. Жалпысынан имаратта кыргыз сүрөтчүлөрүнүн 20 чакты эмгеги убактылуу сакталууда болгон.

Митингдин эртеси күнү парламенттин имаратына музейдин кызматкерлери келип, ревизия жүргүзүп сүрөттөрдү издешкен. Алар жумуштарына тоскоолдук кылбоону жана музейдин менчигине тийбөөнү өтүнүшкөн, бирок бул убакка чейин айрым сүрөттөр жоголуп кеткен.

6-октябрдагы окуялардан кийин 12 сүрөт табылган. Алар учурда музейдин кампасында кармалып турат. Төрт сүрөт сүрөт жараксыз болуп калган. Алар Абдырай Осмоновдун «Жайлоодо», Мырза Өмүркуловдун «Советтик аянт», Батыр Жалиевдин «Жайлоодо» жана «Ошто совет бийлигинин орношу» аттуу сүрөттөрү.

Гапар Айтиевдин «Чолпон-Атадагы кеч» деген сүрөтү да жоголгон. Мындан тышкары, Сүймөнкул Чокморовдун «Гүлдөө» жана «Фазан тартылган пейзаж», Петр Куринскихтин «Ардагердин үй-бүлөсү», Сүйүтбек Төрөбековдун «Базар», Александр Духаниндин «Коммунизм» жана Сабырбек Акылбековдун «Жээк» деген эмгектери да жок болуп чыккан. Ошондой эле дайынсыз болуп аткан сүрөттөрдүн арасында Леонид Дейманттын «Пржевальск шаарындагы ат майдан» аттуу сүрөтү да бар.

Гапар Айтиев музейи мындан аркы иликтөө үчүн документтерди укук коргоо органдары менен бажы кызматына өткөрүп берди. Анткени эмгектерди сатыкка чыгаруу үчүн чет өлкөгө чыгарып кетүү аракети да болушу мүмкүндүгүнө шек бар.

Маданият министрлиги Жогорку Кеңештин имаратын басып алууга катышкандардын бардыгын табылбай жаткан эмгектерди кайтарып берүүгө же алардын турган жерин кабарлап коюуга чакырат.

Жогорку Кеңештин имараты 6-октябрга караган түнү 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан миңдеген адамдардын нааразылыгынан улам басылып алынган. Ал түнү митингчилер менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылыш болгон. Ошондой эле УКМКнын жана маммекемелердин имараттары басылып алынган. Окуялардын натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмү азырынча кабарлана элек.