Аскерлерге батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүүгө айыпталган Башкы штабдын жаңы жетекчиси акталды

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Талайбек Өмүралиев сотто акталды. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ал аскер кызматкерлери үчүн батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн делип айыпталган. Ушул эле кылмыш иши боюнча айыпталган он адамга карата да актоо өкүмү чыкты.

Алардын арасында, жакында Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басарлыгына дайындалган Жаныбек Капаров, Башкы штабдын мурдагы биринчи орун басары Кубанычбек Орозматов, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Нурбек Дүйшөналиев бар. Булар Бишкектин «Жал» кичи районундагы аскер кызматкерлери үчүн курулган батирлерди бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөлөрү болгон.

2017-жылы биринчи инстанциянын соту Өмүралиевди жана бул иш боюнча айыпталып аткан башка аткаминерлерди кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп тапкан. Мурдагы министр 5 млн сом айыпка жыгылып, генерал-майор наамынан ажыратылган.

Кийинчерээк Бишкек шаардык соту Өмүралиевге штраф салуу айыбын гана калтыруу менен генера-майор наамын кайтарып берген. Жогорку сот ишти Биринчи май раондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө саясий кризис башталгандан кийин 9-октябрда Таалайбек Өмүралиевди Башкы штабдын жетекчилик кызматына дайындаган. Ага чейин бул кызматта Райымберди Дүйшөнбиев иштеп аткан.