Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: Жээнбеков — легитимдүү президент

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев твиттер барагында Сооронбай Жээнбековду колдоорун жана аны легитимдүү президент катары эсептээрин билдирди.

Ошондой эле ал кыргызстандыктардын «конституциялык талаага кайтканын» кубаттап, Казакстан буга нааразылыктар башталгандан бери эле чакырып келгенин кошумчалады.

Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу Токаев өлкөдө саясий кризис башталган учурдан бери алгачкы жолу пикирин билдирип жатат.

Кыргызстанда нааразылык акциялары 5-октябрда, парламенттик шайлоо өткөн күндүн эртеси башталган. Миңдеген кыргызстандык аянтка чыгып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Митингге чыккандардын айтымында, шайлоо легитимсиз болгон, ал эми партиялар добуш сатып алып, жарандарды жапырт каттатышкан.

Тынчтык акциясы жарандар менен күч түзүм кызматкерлеринин ортосундагы кагылышка өтүп кеткен. Акыркылары резина октор менен атып, үн чыгаруучу гранаталарды ыргытышкан. Кагылышууда ондогон жаран жабыркап, бир адам каза тапкан.

Митингчилер 6-октябрга караган түнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду абактан чыгарышкан.

Арадан беш күн өткөн соң парламенттин депутаттары кезексиз жыйында Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка көрсөтүшкөн. Аны дайындоо боюнча токтомго эки өткөн соң кол коюлган, анткен менен президент Сооронбай Жээнбеков аны парламентке кайтарып берип, «чечимдердин бардыгы легитимдүү болуп, күмөнгө коюлбашы керектигин» билдирген.

14-октябрда парламент кайрадан жыйынга чогулду. Жыйында өкмөт башчысы жана анын курамы бекитилиши керек.