Кыргызстанда COVID-19ду жуктурган бейтаптардын саны 50 миңден ашты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан 14-октябрга карата коронавирустун жаңы 330 учуру катталганын кабарлашты.

Аймактар боюнча:

Ош облусунда — 74;

Жалал-Абад облусунда – 70;

Бишкек шаарында — 68;

Баткен облусунда - 43;

Ош шаарында — 36;

Ысык-Көл облусунда – 18;

Чүй облусунда – 12;

Талас облусунда — 9.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 172 бейтап айыгып, эки киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 47. Ошондой эле Ош облусунда — 39, Баткен облусунда — 35, Бишкек шаарында — 14, Чүй облусунда — 17, Ош шаарында он, Ысык-Көл облусунда жети жана Нарын облусунда үч бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 50 201ге жетти — алардын ичинен 44 884 бейтап оорудан айыкты. Ошондой эле коронавирус 1 094 кишинин өмүрүн алды — алардын ичинде 83 медкызматкер бар.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 1 960 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 1 801 киши үй шартында дарыланууда.

Коронавирус инфекциясы медкызматкерлердин арасында да катталды — өткөн суткада өлкөдө жети медик илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Алардын үчөө Жалал-Абад облусунда, экөө Талас облусунда, Баткен жана Ысык-Көл облустарында бирден.

Ошондой эле өткөн суткада тогуз медкызматкер айыкты. Жалпысынан COVID-19ду 3 456 медик жуктуруп, алардын 3 105и оорудан сакайган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.