Ак үйдү басып алууда мыйзам долбоорлору сакталган сервер жок кылынган

Башаламандыктар учурунда Ак үй басылып алынгандан кийин Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорлорунун маалымат базасы жок кылынган. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев твиттерде билдирди.

Kaktus.Media басылмасы парламенттин басма сөз кызматына таянып маалымдагандай, мыйзам долбоорлор бир серверде сакталчу жана ал жок кылынган. Дагы бир серверде Жогорку Кеңештин сайты сакталган — ал жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Учурда адистер мыйзам долбоорлоруна тиешелүү маалыматтарды калыбына келтирүүнүн үстүнөн иштеп жатышат.

Жогорку Кеңештин сервери менен Ак үй 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү башаламандыктар учурунда талкаланган. Башаламандыктар парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митингинен кийин башталган.

Ак үй басылып алынгандан кийин имараттын ичинде өрт чыгып, аны өчүрүү үчүн 3 өрт өчүрүүчү бригада тартылган. Басып алуулардан кийин Жогорку Кеңештин имараты дагы үч күн бою кайтаруусуз турган.

Ак үйдө депутаттардын кабинетиндеги жана Жогорку Кеңештин аппаратындагы көптөгөн документтер, техника, айнектер, эшиктер, эмеректер талкаланган. Митингчилер депутаттардын жыйындар залын дагы кыйроого учураткан.

Башкы сүрөт - иллюстративдүү.