БШК: Парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү пландалып жатат

Нуржан Шайлдабекова

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөттөрүн дайындоо маселеси каралып жатканын билдирди.

Журналисттердин бири БШКнын төрайымынан парламенттик шайлоо 20-декабрга дайындалышы мүмкүн деген божомолдор айтылганы тууралуу суроо узатты.

«Парламенттик шайлоо ушул мөөнөткө дайындалышы мүмкүн. Мисалы биз пландап жатканда 20-декабрды караганбыз», — деди Шайлдабекова.

Ошол эле учурда парламент 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Мыйзам боюнча, өлкө башчынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына өтүшү керек болчу, бирок спикер Канат Исаев бул милдеттен баш тартты. Мындан улам президенттин милдеттери премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлдү.

Ал эми Шайлдабекова Конституцияга таянып, Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша албай турганын белгиледи. Ошондой эле президенттик шайлоо үч айлык мөөнөттө өтүүсү зарыл.

«Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн баштап үч айлык мөөнөттө [шайлоо] өткөрүлүшү керек. Шайлоону дайындоо боюнча жарыя бир жуманын ичинде чыгышы керек», — деди Шайлдабекова.

Мындан сырткары президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына чейин өтүлүшү керек деп премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирген. Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик жана президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады.