Өткөн суткада коронавирус 431 кишиден аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Республикалык штабдан 16-октябрда коронавирустун жаңы 431 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Ош облусу — 147;

Бишкек — 70;

Жалал-Абад облусу — 65;

Баткен облусу — 52;

Ош шаары — 44;

Чүй облусу — 34;

Ысык-Көл — 15;

Талас облусу — 4.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 51 020ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 18 771. Ал эми Чүй облусунда — 5 834, Ош облусунда — 5 463, Жалал-Абадда — 5 501, Ысык-Көлдө — 4 189, Ош шаарында — 3 920, Баткенде — 4 014, Нарын облусунда — 1 782 жана Талас облусунда — 1 546 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 208 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 45, Жалал-Абад облусунан — 58, Бишкек шаарынан— 32, Ош шаарынан — 14, Баткен облусунан — 32, Чүй облусунан — 20, Ысык-Көл облусунан — 6, Талас облусунан — 1 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 45 288 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 202 бейтап, ал эми үй шартында  1 981 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 103 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада 20 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ош шаарынан жана Жалал-Абад облусунан — төрттөн, Баткен облусунан — алты, Ош облусунан — беш жана Бишкек шаарынан — бир медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада эки медик айыкты жана үй шартында 13 медкызматкер сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 508ге жетти, анын ичинен 3 128 медкызматкер илдеттен айыкты.