Ыктыярчы ооруканаларда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн орун жоктугуна даттанды

Коронавируска кабылгандар үчүн ооруканаларда орун жок. Бул тууралуу ыктыярдуу куткаруучулар коомунун жетекчиси Лера Сыдыгалиева фейсбукка жазды.

Андан тышкары, анын айтымында Улуттук госпиталда кычкылтек концентраторлору жок.

«Адистештирилген ооруканада өпкөсү 65 пайыз жабыркаган бейтап жатат (пиелонефрит же бөйрөктө таш бар деп жаткырылган). Кислород менен жабдылган жандандыруу бөлүмүндө орун жок. Ковидке кабылгандарды кабыл алган башка ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрүндө дагы орун жок», — деп жазды ыктыярчы Лера Садыгалиева.

Ал коронавируска кабылгандар жаткырылы турчу жугуштуу оорулар ооруканасы дагы деле даяр эмес экенин кошумчалады.

Ад начался!Национальный Госпиталь, урология, профильная больница, концентраторов нет, пациентка лежит с поражением лёгких 65% (госпитализировали из-за камней в почках и пиелонефрита) в реанимации где есть кислород, мест нет.В других больницах где принимают пациентов с ковидом мест в реанимации нет.Инфекционка - реанимация для пациентов с ковид ещё не готова.Мы готовы к волне ковида, ага!#covid19 #берегитесебя

Posted by Valeri Sadygalieva on Thursday, October 15, 2020

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте COVID-19 жана ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругундарды жаткыруу үчүн ооруканаларда орун бар экенин билдирди.

Улуттук фтизиатрия борборунда саат 12:00гө карата 4 орун, Темир-жолчулар ооруканасында — 47, Кыргыз-түрк достугу ооруканасында — 2, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында— 73, №1 шаардык клиникалык ооруканасында — 12 орун калган. Улуттук госпиталда азырында бош орун жок.

«Тез жардам медицинасы борбору абалды көзөмөлдөп турат. Андыктан ооруга чалдыккандарды тез жардам аркылуу жаткыруу жеңил болот деп», — деп ведомстводон түшүндүрүштү .

«Орундуктарды жайлаштыруунун планына ылайык, аймактарда бардык иштер эки этап менен ишке ашат. Биринчи этапта, алгач бейтаптарды кабыл алышы керек болгон бардык инфекциялык бөлүмдөр ишке тартылат. Экинчи этапта оңдоп-түзөлгөн бөлүмдөр ишке киргизилет. Мисалы, Токмок жана Чолпон-Атада бейтаптарды кабыл ала башташты. Нарында кырдаал туруктуу. Кечээ ал жакта 90 орундук бар жерде коронавирус жана пневмонияга чалдыккан 16 гана бейтап болду. Оору Ош облусунда күч алып жатат», — деп билдиришти ведомстводон.

Республикалык штаб өткөн суткада 16-октябрга карата төрт адам коронавирустан жана ооруканадан тышкаркы пневмониядан көз жумганын билдирди. Ошондой эле, коронавируска жаңы чалдыккандардын саны 431 кишини түздү.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктурган 50 589 учур катталган. Алардын ичинен 1 103 адам көз жумган.