«Жээнбековдун акыркы жарлыгы». Орозалиев, Каниметов жана Нурдиновго генерал-майор наамы ыйгарылды

Мирлан Каниметов / Алмазбек Орозалиев / Малик Нурдинов

Материал 16:26да жаңыртылды

Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министринин эки орун басары — Алмазбек Орозалиев жана Мирлан Каниметов — ошондой эле Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдиновго генерал-майор наамын ыйгарды. Бул тууралуу «Клоопко» ИИМдин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева билдирди.

Өлкөдө парламенттик шайлоого нааразы болгондордун митинги массалык толкундоолорго айланган соң, ИИМдин мурдагы башчысы Кашкар Жунушалиев ишке келген эмес. Жунушалиевдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ал күндөрү өлкөнүн түштүк региондорунда коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларды координациялап жүргөнү айтылган. Ал эми министрдин тергөө иштери боюнча орун басары Памир Асанов 26-сентябрдан тарта коронавирус менен ооруп жаткан.

Ал учурда ИИМдин башкы имаратында жетекчилерден Алмазбек Орозалиев жана Мирлан Каниметов гана иштеп жатканы белгилүү болгон. Кийинчерээк аларга Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да кошулуп, өзүн министрликтин жетекчиси катары жарыялаган. Көп өтпөй ИИМдин жамааты Асанов менен иштешүүдөн баш тартып, аны министрликтин имаратынан чыгарып салышкан.

Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Бишкектин аймагына өзгөчө абал режимин киргизип, Орозалиев шаардын коменданты болуп дайындалган. Ал буга чейин да Бишкектин коменданты болгон — 25-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарына коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө абал режими киргизилген.

Ал эми генерал-майор наамына ээ болгон Ош ОИИБинин жетекчиси Малик Нурдинов да пандемия учурунда Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты болгон.

Жээнбеков отставкага кеткени тууралуу 15-октябрда жарыяланы. Ал мындай чечимди «Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт» деп негиздеди.