COVID-19: Акыркы суткада үч адам каза болду, инфекция 554 адамда аныкталды

Акыркы сутка ичинде коронавирус жуккан үч бейтап каза болду — Ош, Нарын облустарында жана Бишкек шаарында.

Ошондой эле, акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясы 554 адамда аныкталды. Ооруга чалдыккандардын көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 143 адам. Ал эми Ош облусунда 105 адам, Ош шаарында 38 адам, Баткен облусунда 90, Чүйдө 46, Ысык-Көлдө 26, Талас облусунда 12, Нарын облусунда 6 жана Бишкек шаарында 88 адам инфекцияга кабылды.

Коронавирус жугузуп алгандардын арасында 5 медицина кызматкери бар.

Алардын экөөсү Жалал-Абад облусунда катталды, ошондой эле Ысык-Көл облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында бирден медикте инфекция аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан 3 534 медикте коронавирус аныктады, алардын ичинен 3 157си айыгып, 80и каза болгон.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 жалпысынан 52 044 адамда аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул сандын ичинен 1111 адам каза болгон. Бирок, мурдараак ведомство бул сандан 400 учурду алып салган жана мунун себебин аларда коронавирустан тышкары коштоочу оорулары бар болгону менен түшүндүрүшкөн. Министрлик бул адамдардын өлүмүнө COVID-19 себеп болгон эмес деп эсептейт. Анткен менен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эрежелери боюнча, бул адамдардын бардыгы расмий статистикага кошулушу керек.