Ош облусуна кирип-чыгууга чектөө коюлду

Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Ош облусунун аймагына кирүүгө жана чыгууга чектөө коюлду. Облустун кире беришинде жети санитардык блокпост коюлуп, ал жакта медиктер айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн температурасын текшерип турушат.

Мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча жергиликтүү штаб кабыл алды.

Ош ОИИБинен бир райондон башка районго унаа менен барууда салондогу жүргүнчүлөрдүн санын кыскартуу зарыл экенин кошумчалашты — жеңил машиналарда үч кишиге чейин, микроавтобустарда он жүргүнчүгө чейин кыскартыш керек.

Мындан тышкары, Бишкек — Ош маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга да убактылуу тыюу салынды.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал коркунуч туудурууда. Бишкекте мектептерде кайрадан күндүзгү стационарлар ачылды. Ош облусу коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар боюнча алдыңкы үч облустун катарына кирет.