Ала-Букадагы Иштамберди алтын кениндеги өндүрүштө өрт чыкты

Материал 17:23тө жаңыртылды

Социалдык тармактарда 19-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Иштамберди кениндеги өндүрүштөн өрт чыкканы тартылган тасма тарады. Аталган кенди «Фулл Голд Майнинг» компаниясы иштетет.

Алабукадагы Иштамберди кенинде цианид иштеткен жеринде өрт.

Posted by Бекжан Станбеков on Sunday, October 18, 2020

Тасманы жүктөгөн фейсбуктун колдонуучусу Бекжан Станбековдун айтымында, имарат компаниянын кызматкерлери ширетүү учурунда өрттөнүп кеткен. Ошондой эле Станбеков өрт компаниянын цианид сактоочу кампасына жетсе, ал күйүп абага аралашып, экология «чоң зыян тартарын» белгилеген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрт тууралуу маалымат эртең мененки саат 10дор чамасында түшкөнүн кабарлады.

«Өрттү өчүрүүгө саат 10:22де Чаткал райондук №79 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 1 бөлүм, саат 10:35те Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Кийинчерээк министрликтен саат 12:30да өрт чектөөгө алынганын кабарлашты. Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иштемберди алтын кенин «Фулл Голд Майнинг» компаниясы иштетип келет. Жергиликтүү тургундар буга чейин аталган компания алтынды өндүрүүдө «цианид колдонот» деп нааразы болуп келишкен. Мындан сырткары тургундар аталган компания «иштетилген уулуу заттарды туура эмес сактагандыктан, ал жердин кыртышына сиңип кеткенин» айтышкан. Буга байланыштуу жергиликтүүлөр компания ишин токтотсун деген талап кылып келишет.

Ал эми «Фулл Голд Майнингдин» өкүлдөрү бир нече жылдан бери цианид колдонбой калганын билдиришкен.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Фулл Голд Майнинг» компаниясы Иштамберди кенинин 800 гектар жеринде 2007-жылы чалгындоо иштерин баштаган.

Бир жылдан кийин кендин үстүнкү жагынан 137,3 гектар жерди, кийинчерээк 2011-жылы кошумча 157 гектар тилкени өндүрүп баштаган. Мекеменин басма сөз кызматы Иштамберди кенинде 25 тоннага чукул алтын бардыгын маалымдайт.

Ал эми коомдук активист Уланбек Абдыкеримов мындан мурун «Азаттыкка» Иштамберди кенинде 80 тоннага чукул алтын бардыгын айткан — акчага которгондо бул 4 миллиард доллардан ашуун болот. Бирок алтын кени кытайлык компанияга 25-30 миллион долларга «берилген».