Хакерлер парламенттин сайтын бузуп кирип, 10 миң $ талап кылышты

Өздөрүн The Black Pirate деп атаган хакерлер Жогорку Кеңештин расмий сайтын бузуп кирип, аны кайтаруу үчүн 10 миң доллар талап кылышты. Алар акча 20-октябрга чейин төлөнүшү керек деп талап коюшту.

The Black Pirateтын айтымында, алар сайтты бузуп кирип, андагы бардык маалыматтарга жана Кыргызстандын жарандарынын маалымат базасына ээ болуп алышкан.

Сайтты бузуудан тышкары, алар zhogorkukenesh2020@gmail.com почтасынан журналисттерге мындай кат жөнөтүшкөн: «Баары биздин колубузда, биз kenesh.kg сайтын басып алдык, акчанын төлөнүшүн күтөбүз».

Сайт бузуп кирүү болгондон кийин бир нече мүнөттөн соң калыбына келтириле баштаган. Учурда ал кадимкидей тартипте иштеп атканы менен материалдар абдан жай ачылып жатат.

Парламенттин басма сөз кызматы «бул вирус эмес, хакердик чабуул» деп билдирди.

«Азыр сайтты кайтарып алдык, хакердик чабуул болгон. Биздин адистер бардык сыр сөздөр менен коддорду алмаштырып жатышат», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Ал жактан кошумчалашкандай, Жогорку Кеңештин атынан ЖМКларга таратылган маалымат парламенттин басма сөз кызматынан жасалма почтасынан жасалган — кызматтын чыныгы почтасы бузуп кирүүгө дуушар болгон эмес.

Жогорку Кеңештин сайты митинг жана парламенттин имараты басылып алынгандан кийин иштебей калган. Кийинчерээк адистер ЖКнын сайтынын ишин жарым-жартылай калыбына келтире алышкан, бирок мыйзам долбоорлордун маалымат базасы жок кылынган.