Экс-премьер Абылгазиев өлкөдөн чыга албайт — Финпол

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) басма сөз кызматы экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандан чыгып кете албасын кабарлады.

Ведомстводон «Клоопко» кеңири маалымат беришпегени менен эгер Абылгазиев өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылса, анда ал чек арада кармалаарын тастыкташты.

«Акипресс» басылмасы 19-октябрда күз түзүмдөрүндөгү маалымат булактарына таянып, өткөрмө пункттарга бажы органын Абылгазиевди Финполго өткөрүп берүүгө милдеттендирген мурдагы өкмөт башчысынын атына жазылган күзөттүк картасы илингенин кабарлаган.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын премьер-министрлик кызматынан үстүбүздөгү жылдын июнь айында, радиожыштыктарды мыйзамсыз сатууга байланышкан чырдан улам кеткен.

Май айында депутат Жанар Акаев премьерди радиожыштыктарды «арзыбаган акчага» сатууга аралашкан деп айыптаган болчу.

Акаевдин айтымында, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин убагында 15 МГц жыштык аукцион аркылуу 1 млрд 500 миң сомго сатылган. Ал эми Абылгазиев 200МГцти болгону 700 сомго сатууга жол жол берген.

Бул айыптарга Абылгазиев депутат Акаев «жалган маалымат» таратып жатат деп жооп кайтарган.

Кийинчерээк бул айыптардын шартында премьер-министр «күч органдарына кысым көрсөттү» деген каралоодон оолак болуу үчүн кыска мөөнөттүк өргүүгө, андан ары отставкага кеткен.