БШК мүчөлөрүн 5-6-октябрдагы массалык башаламандыктар иши боюнча ИИМге суракка жеткирүү аракети болду

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 21-октябрда жыйында билдиргендей, аларга ИИМдин кызматкери келип, комиссиянын мүчөлөрүн суракка келип калуусун талап кылган.

«БШКнын мүчөлөрүн 5-6-октябрдагы массалык башаламандыктар тууралуу иш боюнча күбө катары сурак үчүн келүүлөрүн камсыздоо туралуу тергөө тапшырмасын көрсөттү», — деди Шайлдабекова.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева суракка чакырууну «көз карандысыз конституциялык органга карата коркутуу актысы деп саналат» деп айтты.

ИИМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» БШКнын мүчөлөрү суракка «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» иши боюнча күбө катары чакырылганын билдиришти.

«БШКнын бардык мүчөлөрүн алып келүүнү камсыздоо боюнча, тергөө жүргүзүү үчүн, негизинен, аларды 2020-жылдын 5-октябрдагы болгон жагдайлар боюнча күбө катары суракка алуу үчүн тергөө тапшырмасы берилген», — деп түшүндүрүштү ИИМден.

Милиция кызматкерлери келгенге чейин БШК мүчөлөрү парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүү датасын 2020-жылдын 20-декабрына белгилөөнү бир добуштан колдошкон.

БШК 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын арадан эки күн өткөн соң митинг жана Ак үйдү басып алуунун шартында жокко чыгарган.