Садыр Жапаров: Жаңы парламент келип, анан конституциялык реформага барсак туура болот

Заседание парламента

Заседание депутатов парламента. Парламент принял отставку Сооронбая Жээнбекова. Полномочия президента временно возложены на Садыра Жапарова.

Posted by Kloop on Thursday, October 15, 2020

Премьер-министр Садыр Жапаров парламенттин 16-октябрда болуп жаткан жыйынында шайлоо жана конституциялык реформалар тууралуу пикирин айтты.

Жапаров буга чейин партиялык системаны жоюп, бир мандаттуу парламент түзүү оюнан азырынча кайтканын билдирди.

«Парламенттик шайлоо боюнча: мен дагы ушул бир мандаттуу [парламент] дегенди азырынча туура эмес көрдүм, анткени парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүшү керек экен, мыйзамдар боюнча. Эгерде биз аны өткөрбөй конституциялык реформага барабыз десек, мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөй экенбиз», — деди Жапаров.

Ошондой эле премьер-министр учурда шайлоо босогосун 5 пайызга, ал эми күрөөнү 1 млн сомго түшүрүүнү Жогорку Кеңештин депутаттарына сунуштады. Мындан сырткары Жапаров депутаттардын саны 120дан 70 же 90го түшүрүүнү туура деп эсептейт.

Мыйзамга ылайык, Боршайком парламенттик шайлоонун мөөнөтүн 6-ноябрга чейин жарыялашы керек. Учурда парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү варианттары айтылууда. Ал эми президенттик шайлоо мыйзам боюнча 90 күндүн ичинде өтүшү керек.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев эки шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштап, мыйзам буга жол бергенин белгилеген.