Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө шарты менен коё берилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын карады. Матраимов эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил каттын негизинде эки айлык мөөнөткө сот залынан бошотулду. Ошондой эле ал тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду. Бул тууралуу «АКИпресстин» түз эфирине Матраимовдун жактоочусу айтып берген.

Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга шектелүүдө. Ал буга чейин «кылмыштуу аракеттеринен» келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы белгилеген 2 млрд сомду төлөөгө даяр экенин билдирген. Ведомствонун басма сөз кызматы Матраимов УКМКнын эсебине бул сумманын ичинен 80 млн сомун которгонун кабарлаган.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын 20-октябрь күнү УКМК имаратына алып келишкен. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту анын өтүнүчүн жана келтирген чыгымдын белгилүү бөлүгүн төлөп берүүсүн эске алуу менен Матраимовдун баш коргоо чарасын аныктады.

«УКМК бажы органдарындагы коррупциялык схеманын катышуучуларын аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштерин уланта берет», — деп жазды комитеттин басма сөз кызматы.

Мындан бир күн мурда УКМКдан Коррупцияга каршы кызмат бажыдагы коррупцияга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон жана Матраимовдун чөйрөсүнө кирген 40 адамды аныктаганын кабарлашкан.

«Бул адамдардын жүргөн жери бизге белгилүү. Биз алардын аталган коррупциялык схемага тиешесин аныктоо боюнча жигердүү иш жүрүгүзүп жатабыз», — деп билдиришкен атайын кызматтан.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жана УКМКнын жаңы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин билдирүүлөрүнөн кийин УКМК бажы тармагындагы коррупция боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

«Журналисттик иликтөөлөрдө келтирилген фактыларды иликтейбиз. Эртең тапшырма берем Матраимовду таап, эгер күнөөлүү болсо жоопкерчиликке тартуу үчүн. Эч кандай Матраимовдорго, коррупционерлерге башкарууга жол бербейбиз. Жок, мен бүгүн тапшырма берем, аны кармаш үчүн, эгер ал Кыргызстанда болсо», — деп билдирген Ташиев.

9-октябрда УКМК, өзбекстандык чек арачылар тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү учурунда Тилек Матраимов кармалганын кабарлашкан.

Анда Ош шаардык соту Матраимовду 9-ноябрга чейин камакта калтырган.

Бирок 15-ноябрда Ош облустук соту анын баш коргоо чарасын кайрадан карап, үй камагына чыгарган.

Иликтөө жана реакция

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстандын укук коргоо орган кызматкерлери менен атайын кызмат коомдук талаптын басымы менен ачыкка чыккан факттар боюнча иликтөө башталганын билдиришкен, анткен менен бул боюнча жыйынтык болгон эмес. Саймаитинин өлүмүнүн жагдайын иликтөө боюнча депкомиссия да түзүлүп, бирок иштин жыйынтыгы ал учурда Матраимовдун камалышына алып келген эмес.

Бирок журналисттик иликтөөгө кыргызстандыктар реакция жасап, алар бир нече жолу коррупцияга каршы митингге чыгышкан, айрымдары фейк-аккаунттардын кодулоосуна да кабылышкан. Фейк аккаунттар иликтөөчү журналисттерди жамандап, Матраимовдордун позициясын коргошкон.

Ал эми Матраимовдор бир нече басылмаларды, анын ичинде «Клоопту» сотко беришкен — алар иликтөөдөн алардын фамилияларын алып салууну талап кылып, материалдын үстүндө иштеген бардык журналисттердин ысымдарын билгилери келген.