Текебаев өкмөт башчы ант бергенден кийин гана ыйгарым укуктарына кирише аларын эскертти

Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болуп жаңы келген Өмүрбек Текебаев парламент жыйынында жаңы өкмөт башчы менен анын курамы эмне үчүн ант бербегенин сынга алды.

Анын ырасташынча, мамлекеттик маанилүү кызматтарды жетектегендер мыйзам боюнча Конституцияны кармап ант бериши керек. Ант бергенден кийин гана алардын ыйгарым укуктары толугу менен ишке кирет. Ал мисалы катары депутаттын, президенттин жана соттордун ыйгарым укуктары дагы ант бергенден кийин башталарын айтты.

«Ант бергенге чейин бийик, жооптуу кызмат эч кимге берилбейт. Өкмөт кечиктирилбестен эки жуманын ичинде ант берсин деп Конституцияда жазылып турат. Ушундай кыйын кезде, ушундай жооптуу чечимдерди кабыл алган өкмөт [премьер-министр жана министрлер кабинети] эмне үчүн Конституцияга колун коюп эл алдында ант берген жок. Биз так ушундан баштабызы керек деп эсептейм», — деди Текебаев.

Депутат андан сырткары «антты бузса анын кусуру бала-чакасына чейин тиерин» эскертти.

Өз кезегинде төрага Канат Исаев өкмөттүн курамы кийинки жыйында келип ант берет деп ишендирди.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамын 14-октябрда бекитип берген болчу. Анда өкмөттүн мурдагы курамы дээрлик толук түрдө алмашкан.