Кыргызстанда коронавирустун 547 жаңы учуру катталды — жалпы 54 006 учур

Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Республикалык штабтан 22-октябрда коронавирустун жаңы 547 учуру катталганын кабарлашты.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 123;

Баткен облусу — 90;

Ош облусу — 85;

Жалал-Абад облусу — 79;

Чүй облусу — 76;

Ош шаары — 52;

Ысык-Көл облусу — 23;

Талас облусу — 15;

Нарын облусу — 4.

Ошондой эле өткөн суткада илдеттен 282 бейтап айыгып, үч киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын 72си Ош облусунда катталды. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 58, Бишкек шаарында — 41, Ош шаарында — 29, Чүй облусунда — 26, Баткен облусунда — 23, Ысык-Көл облусунда — 18, Талас облусунда — 13 жана Нарын облусунда эки бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 54 006га жетти — алардын ичинен 46 726 бейтап айыкты. Мындан сырткары коронавирус 1 122 кишинин өмүрүн алды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 919 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 2 745 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.