Сүрөт: УКМК Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 22-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармады. Көлбаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери. Ал УКТны аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында «Авангард» спорт клубунда колго түшкөн.

Бул иш бонча материалдар «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен катталды.

Төрт ай мурда Бишкек ШИИБи Көлбаевдин УКТсына кирген төрт кишини кармаган. Алар курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү жана акча опузалоого шектүү болушкан.

Буга чейин УКМКнын жаңы дайындалган башчысы Камчыбек Ташиев «Көлбаев мыйзам бузса кармалат» деп убадалаган.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев журналисттерге курган маегинде «өлкөнү криминал башкарып жатканын» айткан.

«Кылмыш дүйнөсү бийликке келип отурукташып алды. Уюшкан кылмыштуулук менен мамлекеттик коррупционер-чиновниктер камыр-жумур болуп аралашканда мафия деп аталат. Ушул мафия, бүгүн, түз маанисинде, өлкөнү башкарып жатат», — деген ал.

Камчы Көлбаев деген ким?

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Ал Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң эле таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал 2012-жылы кылмыштуу топту уюштуруу, баңгизат сактоо, өкмөттүн өкүлүнө карата зомбулук кылуу жана адам уурдоо айыптары боюнча кармалган.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы Көлбаевди үч жылга соттоп, ал жазасын №47 абакта өтөп, 2014-жылы эркиндикке чыккан. Кримтөбөл абактан бошоп чыккандан кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу тарабынан уюштурулган «каржы механизмдеринин бузулушуна алып келе турган» маалыматтар үчүн сыйлык катары миллион долларга чейинки каражат убадалаган.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналистттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан. Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсуңдө мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет.