Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды

21-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында депутаттар Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып шайлашты. Токтогазиев өзү буга чейин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду сындап келген. Журналисттерге жаш саясатчы Жапаровдун акыркы чечимдери ага «жакканын» айтты.

Мурдагы министр Эркинбек Чодуев өз калоосу менен кызматтан кеткени кабарланды.

Мурдараак Токтогазиев да Жапаров сыяктуу өкмөт башчылыкка талапкер болгон. Ошондой эле Уюшкан кылмыштуулукка каршы өткөн митингге да катышкан. Анда Жапаровдун премьер болушун талап кылган тарапташтары менен митинггдин катышуучуларынын ортосунда тиреш орун алып, Токтогазиев башына жаракат алган.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 7-октябрдагы митингде сөз сүйлөгөн «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «бийликти кайра Матраимовдор менен Жээнбековдорго берейин деп жатат» деп айыптаган. Анын айтымында, ал аталган кландар менен алдын ала сүйлөшүү жүргүзгөн.

«Биз оппозициялык партиялар Бишкекте келишимди түзүп жатканда бир гана партия колун койбой качып кетти. Ал "Мекенчил" партиясы, ал Ташиев. Ташиев аягына чейин турбай качып кетти. Бул Матраимовдор, Жээнбековдор менен сүйлөшүп алып, чимкирик парламенттеги көпчүлүктү алып келип алып, бийликти кайра Матраимовдор менен Жээнбековдорго берейин деп жатат. Бул [Ташиев] чыккынчы. Ошондуктан Ташиев дагы кетсин», — деп билдирген Токтогазиев.

Жапаров «Мекенчил» партиясынын тең негиздөөчүсү. Ташиев экөө партиялаш гана эмес, жана дагы жакын достордон болушат. Жапаров бийликке келгенден кийин Ташиевди УКМКнын төрагасы кылып дайындады.

Токтогазиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого оппозициялык «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.