Видео: Ошто акча опузалаган кримтөбөл кармалды

20-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда 34 жаштагы криминалдык төбөл кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каралар менен курөшүү башталды.

Каралар менен курөшүү башталды.

Posted by Ачык_кеп on Wednesday, October 21, 2020

Маалыматка ылайык, буга чейин укук коргоо органдарына Ош облусунун тургуну кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, кармалган кримтөбөл аны бир нече айдан бери коркутуп, 100 миң сом же 500 чарчы метр жер тилкесин өткөрүп берүүнү талап кылган.

«Колго түшкөн Ж. У. буга чейин Орусия Федерациясында “каракчылык” үчүн соттолгон. Ал криминалдык чөйрөдө “положенец” наамына ээ. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин оперативдүү каттоосунда турат», — деп берилет ИИМдин билдирүүсүндө.

ИИМдин аймактар аралык башкармалыгы бул фактыны «Опузалоо» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Шектүү 10 миң сом алып жаткан учурда колго түшкөн.