Финпол «Кыргыз темир жолунун» кызматкерлерин вагондорду темирге сатышкан деп шектөөдө

Финпол «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери вагондорду таарып кесип туруп темирге өткөрүп салышканын кабарлады. Ведомство мамлекетке чоң зыян тийгенин, анын көлөмү аныкталып атканын айтууда.

Вагондорду темирге өткөзүүгө уруксат документтери берилген эмес, финполдун билдирүүсү боюнча, мамишкананын кызматкерлери бул кадамга жеке пайда көрүү максатында барышкан. Алар «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» айыпталышууда.

Алдамчылык жана акча алуу

Июнь айында «Кыргыз темир жолунун» мурдагы жана учурдагы жетекчилигинин төрт адамы, анын ичинде камсыздоочу компаниянын өкүлү кармалган. Алар «өзгөчө ири көлөмдө алдамчылык кылуу» боюнча шектелген. Кармоо мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда акча алуу тууралуу ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Сот экспертизасы жана Эсеп палатасынын аудити мамлекетке «кыйла эле материалдык зыян» тийгизилгенин аныктаган.