Кримтөбөл Камчы Көлбаев тергөө аяктаганча УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, кримтөбөл Камчы Көлбаев тергөө аяктаганча атайын кызматтын тергөө изоляторуна (ТИЗО) киргизилди. Бул чечимди 23-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Камчы Көлбаев 22-октябрь күнү «Авангард» спортклубунда кармалган. УКМКнын басма сөз кызматынан Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген. Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталууда, учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.

Камчы Көлбаев деген ким?

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Ал Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң эле таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал 2012-жылы кылмыштуу топту уюштуруу, баңгизат сактоо, өкмөттүн өкүлүнө карата зомбулук кылуу жана адам уурдоо айыптары боюнча кармалган.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы Көлбаевди үч жылга соттоп, ал жазасын №47 абакта өтөп, 2014-жылы эркиндикке чыккан. Кримтөбөл абактан бошоп чыккандан кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу тарабынан уюштурулган «каржы механизмдеринин бузулушуна алып келе турган» маалыматтар үчүн сыйлык катары миллион долларга чейинки каражат убадалаган.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналистттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан. Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсуңдө мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет.