Жалал-Абадда тургундар ооруканадагы туугандарына кычкылтекти эшиктен тартып берүүгө аргасыз болууда

«Турмуш» басылмасы Жалал-Абаддын ооруканасында кычкылтек концентраторлору жана кычкылтек баллондору жетишпей жатканын кабарлады. Бейтаптардын жакындары облустук клиникалык оорукананын инфекциялык бөлүмүнүн палатасындагы бейтаптарга өз күчү менен эшикте турган баллондордон кычтыктек тартып берүүгө аргасыз. Алар журналисттерге Жалал-Абадда кычкылтек бир эле жерде сатылаарын, ал да жетпей жатканын айтып беришти.

Тургундардын бири бейтаптардын туугандары күн сайын баллондорду 3000 миң сомго тотуруп келип атканын, көбү ооруканадагы туугандарынын палаталарынын алдында турганына төрт күн болуп калганын айтып берди. Бул тууралуу айтып берген тургун өзү да палатадагы атасы менен агасына кычкылтек тартып берүүдө.

«Садыр Жапаровду колдогонбуз. Эл кыйналып жатат, жардам берүүсүн күтөбүз. Ушундайда жансоогалап турган эл ыраазы болот», — дейт ал.

Кычкылтек толтурулган бир баллон бейтапка 1-2 саатка гана жетет, аны кайра 500 сомго толтурса болот. Ыктыярчылар, бейтаптар жана демөөрчүлөр оорукана үчүн 150гө чукул баллон чогултушкан, бирок ал да жетишсиз болууда.

Оорукананын башчысынын орун басары Мелис Баймырзаев 60тан ашуун бейтап оор абалда инфекциялык бөлүмдө баллондогу кычкылтек менен дем алып жатышканын кабарлады.

«Чынында кычкылтек баллондору жетишсиз. Бирок бир бейтапка үч концентратор колдонулуп жатат. Медицина кызматкерлери физикалык жактан да жетишпей жатышат. Бейтаптар да өтө оор абалда кайрылууда», — деп билдирди ал.

Оорукананы кычкылтек суюктугу менен «Майлуу-Суу лампа заводу» камсыздайт. Ишканадан кычкылтек башка да үч медициналык мекемеге жеткирилет.