Акыркы суткада COVID-19 алты медикте аныкталды — жалпы 3 575 учур

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабтан 25-октябрда коронавирус алты медициналык кызматкерде аныкталганын кабарлады. Илдетке чалдыккан медиктердин үчөө Баткен облусунда, экөө Ош облусунда жана бирөө Ош шаарында иштеп келген.

Мындан сырткары өткөн суткада 15 медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын алтоо ооруканада, тогузу үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 575ке жетти — анын 3 266сы оорудан айыккан. Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

20-октябрга карата компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 1 091 медик документ тапшырган. Анын ичинен ооруну жуктурган 147 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 24 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары оору жуктурган дагы 130 медиктерге жана каза болгон үч кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөө маселеси каралып жатат.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 55 750гө жетти. Алардын ичинен 47 616 адам илдеттен айыгып, 1 134ү каза тапты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.