COVID-19 жуктурганы үчүн кенемте болгону 147 медикке төлөнүп берилди — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде кабарлагандай, компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 1 091 медик документ тапшырган. 20-октябрга карата маалыматка ылайык, акчалай кенемтени болгону 171 медкызматкер алган. Бул жерге жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө берилген төлөмдөр да кирет.

«200 миң сом өлчөмүндөгү каражат илдетке чалдыккан 147 кызматкерге жана 1 млн сомдон акча каражаты оорудан каза болгон 24 кызматкердин үй-бүлөсүнө төлөндү», — деп тактоо кылды Үсөнбаев.

Ошондой эле ал комиссиянын 19-октябрдагы жыйынында дагы 133 медицина кызматкерине кенемте төлөп берүү чечими чыкканын белгиледи.

«130 оору жуктурган медиктерге жана каза болгон үч кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация каралат», — деп билдирди министрдин орун басары.

Министрликтин маалыматы боюнча, коронавирус пандемиясынын учурунда Кыргызстан боюнча 3 545 медик COVID-19 илдетин жуктурган. Алардын ичинен 3 184 адам айыгып чыгып, 84 адам көз жумган.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкерлер ушунча көп болгонуна карабастан алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп атканын айтып арызданушууда — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюррократия бар. Мындан тышкары, жуктуруу иш үстүндө болгонун далилдөө абдан оор. Эгер медик жумуш үстүндө жуктурганын далилдей албаса, анда ага компенсация чегерилбейт.