Асрандиев: «Ысык-Көл» банкынын мыйзамсыз операциялары Жапарованын башкаруусу астында ишке ашкан

Мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиев эмне үчүн жаңы дайындалган өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучусу Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамында иштөөдөн баш тартканы тууралуу фейсбукта билдирүү жасады.

Анын айтымында, 2013-жылы ал «Ысык-Көл инвест банкта» консерватор болуп иштегенде банктын мурдагы жылдары «Азия универсал банк» жана «Манас банк» менен бирге жасалган мыйзамсыз операцияларын көргөн. Ал эми бул операциялар Райкүл Жапарова төрайым болуп тургун учурда жасалган.

«Мен бул операциялардын Максим Бакиев жана анын жакындарына байланышы бар деп ойлойм … Банк Жапарованын колунда болгон. Менин оюмча Садыр Жапаров бул тууралуу билбей кала алмак эмес. Ал бул жылдары Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болгон, коррупцияны эскертүү агенствосун жетектеген. Мен репутациясы шек жараткан кишинин жетекчилиги астында иштей албайм», — деп билдирди Асрандиев.

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында депутаттардын бир бөлүгү Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлаган. Ошол эле маалда Эркин Асрандиев вице-премьер-министр кызматынан баш тартканы тууралуу кабарланган. Бирок кворум сакталбагандыктан Жапаровду парламент премьерликке кайрадан бекиткен.

Райкүл Жапарова президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууганы.

Райкүл Жапаровага байланыштуу иш

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 22-майда Польшадан Райкүл Жапарова кармалып, учурда Башкы прокуратура тарабынан аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатканын маалымдаган. Кийинчерээк Жапарова сурак берип гана чыкканын айткан.

Ошондой эле ИИМ Жапарова Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен күнөлүү деп табылып, мал-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылганын кабарлаган. Ал эми эл аралык издөөгө үстүбүздөгү жылдын февраль айында жарыяланган.

Райкүл Жапарова учурунда «Ысык-Көл инвест банк» банкынын төрайымы болгон. Банктын мурдагы төрагасы Болот Байкожоев банк рейдерлик жол менен тартып алынганы тууралуу арыз менен башкы прокуратурага кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, банкты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев тартып алган. Жапарова банктын төрайымдык кызматын Бакиев аны рейдерлик жол менен басып алгандан кийин аркалай баштаган.

2010-жылдагы төңкөрүштөн соң Бакиевдер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана рейдерлик басып алуу тууралуу Башкы прокуратурага кабарланып, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жапарова сот иштери башталганга чейин үй-бүлөсү менен саясий башпаанек сурап, Польшага чыгып кеткен. Учурда аларга саясий башпаанек берилип, Женеванын паспорту дагы ыйгарылган. Ал ага тагылган айыпты «Ак үйдүн буйругу» деп атаган.