Кара-Сууда унаа өрттөнүп кетип, ичинде ойноп жаткан эки жаш бала каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунда унаа өрттөнүп, анын ичинде болгон эки жаш бала каза болду. Алардын бири бир, дагы бири төрт жашта болушкан. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы кабарлады.

Кырсык 24-октябрда болгон. Маалыматка ылайык, айылдагы короолордун биринде «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаанын ичинде эки наристе ойноп отурушкан. Көп өтпөй анын эшиктери бекилип калган. Кийинчерээк унаадан өрт чыгып, анын кесепетинен балдар күйүк жаракат алышкан.

Жабыркагандарды туугандары Кара-Суу аймактык ооруканага жеткиришкен. Бирок алган жараатынан улам балдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн эмес болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда.