Өлкөдө COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 55 750гө жетти — жаңы 606 учур катталды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустун жаңы 606 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб 25-октябрда маалымдады..

Аймактар боюнча:

Жалал-Абад облусу — 184;

Баткен облусу — 105;

Ош облусу — 97;

Бишкек шаары — 88;

Ысык-Көл облусу — 41;

Ош шаары — 36;

Чүй облусу — 29;

Талас облусу — 24;

Нарын облусу — 2.

Мындан сырткары акыркы суткада оорудан 279 бейтап айыгып, төрт киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын 73ү Ош облусунда катталды. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 55, Бишкек шаарында — 53, Баткен облусунда — 30, Чүй облусунда — 25, Ош шаарында — 24, Ысык-Көл облусунда — 13 жана Талас облусунда алты бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 55 750гө жетти — алардын ичинен 47 616 бейтап айыкты. Мындан сырткары коронавирустан 1 134 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 328 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 3 156 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.