Видео: Араванда милиционерге кол көтөргөн киши эки күнгө камалды

Социалдык тармактарда 24-октябрда белгисиз киши милиция кызматкерине кол көтөргөн тасма тарады. Видеодо белгисиз адам милиционер менен сүйлөшүүгө аракет кылып жатканын, кийинчерээк анын бетине муштум менен уруп жибергенин көрүүгө болот. Көп өтпөй укук коргоо органынын кызматкери кишини кармап, жерге жаткызган. Тасма ушуну менен үзүлгөн.

Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя 23-октябрда Араван районунун Юсупов айыл аймагында болгонун кабарлады. Милициядан 37 жаштагы шектүү буга чейин эки жолу «Ээнбаштык» үчүн соттолгонун айтышты.

Ош ОИИБинин версиясы боюнча, кызматкер иштен чыгып үйүн көздөй бараткан учурда шектүү «оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, эч себепсиз муштум менен бетине жана мойнуна уруп жиберген».

Ал эми 24 жаштагы кызматкер кандай деңгээлде жараат алгандыгын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүү кармалып, Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.