Депутаттар парламенттик шайлоону жазга чейин жылдырууну демилгелеп жатат

Жогорку Кеңештин 10дой депутаты парламенттик шайлоону жазга чейин жылдырып туруу боюнча Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, ал парламентке келип түштү.

Бул тууралуу демилгечилердин бири Талант Мамытов журналисттерге билдирди. Ал ошондой эле, мыйзам долбоорун колдогондордун катарында Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов жана башка депутаттар бар экенин айтты.

Мамытов мыйзам долбоорунун тагдыры Жогорку Кеңештин депутаттары менен талкуулагандан кийин чечилерин билдирди.

«Бүгүнкү күндөгү эпидемилогиялык, коомдук саясий жана экономикалык абалды эске алуу менен 10го жакын депутат КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү КР Конституциялык мыйзамдарынын айрым ченемдерин колдонууну токтотуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз», — деди ал.

Мамытов эгер Конституциялык мыйзам кабыл алынып калса 20-декбарга белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылдырылат деп билдирди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссия Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 20-декабрда боло турганын жарыялаган.

Мамытов сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда буга чейин сөз болгон бир мандаттуу система жана депутаттардын санын азайтуу боюнча маселелер камтылбаганын кошумчалады.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча Конституциялык мыйзамдын долбооруна кол коюп бергендердин бири Өмүрбек Текебаев. Ал мындай кадамга парламенттик шайлоо партиялык система менен гана өтөт деген талаптын негизинде гана макулдугун бергенин билдирди.

«Эл шайлоонун жыйынтыгына наарызы болду, шайлоо ситемасынын кээ бир жоболоруна нааразы экенин биз билебиз. Шайлоо системасын өзгөртпөй туруп эле шайлоо өткөргөн дагы элдин пикирин эске албагандык болот. Андыктан парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жазга чейин узартып, ага чейин Констуциянын кээ бир жерине өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизели дедик», — деген пикирин Текебаев билдирди.

Текебаев өз сөзүндө президенттик шайлоо 10чу же 17-январда өтүшү керектигин белгилеп, эгер 20-январда парламенттик шайлоо өтсө өлкөнүн бюджети аны көтөрө албай турганына токтолду. Себеби, эки шайлоонун ар бирине бери дегенде 500 млн сомдон коройт.

«Ата Мекендин» депутаты президенттик шайлоонун так күнү БШК бүгүн белгилеши керектигин белгиледи.

«БШК өзүнүн иш планын аныктап, президенттикке талапкерлер качан талапкерлигин жылдыра алат, качан каттоо болот, кайсы күнү добуш берүү болорун аныктап жарыялаш керек. Бул процесстерди эч ким токтото албайт», — деди ал.

Текебаев бирок анын дагы мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам кабыл алына турган болсо ал «акылга сыйгыдай, элди ынандыра алган жүйө болушу шарт» экенин кошумчалады.