Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун башчылыгынан кетти

Балбак Түлөбаевдин басма сөз катчысы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеткенин кабарлады.

Анын айтымында, Түлөбаев бул чечимди башка кызматка которулганына байланыштуу кабыл алган.

«Түлөбаев кайда иштей турганы боюнча азырынча маалымат жок. Өз ыйгарым укуктарын орун басары Элчибек Жантаевге өткөрүп берди», — деп билдирди Түлөбаевдин маалымат катчысы.

Анткен менен бир катар ЖМКлар Түлөбаев Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгына кызматка дайындалды деп жазып чыгышты.

Түлөбаев буга чейин 2004-2010-жылдары Президенттин иш башкармалыгында ар кандай кызматтарда иштеген.

2012-жылы Башкы прокуратура Түлөбаевге жана президенттин мурдагы иш башкармасы Курманбек Темирбековго Ататүрк паркында көп кабаттуу турак жай куруу ишине байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Сот аларды кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп күнөөлүү таап, жүз миң сом айыпка жыгып, бир жыл аралыгында мамлекеттик кызматарда жетекчилик кызматтарга баруу укугунан ажыраткан.

Аны менен катар айыпталуучуларга мунапыс да колдонулуп, алар жазадан бошотулган.

2018-жылы Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси кызматы менен катар «АЮ Гранд Комфорт» соода комплексинин башкы директору болуп дайындалган.

2020-жылдын июлунда Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппарат башчылык кызматынан кетип, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.