Баткенде Тажикстандан баңгизат ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Оштун милициясы бажы кызматынын Баткендеги башкармалыгы менен биргеликте Тажикстандан баңгизат ташып жүргөн эки шектүүнү кармады. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Колго түшкөн 43 жана 48 жаштагы Лейлек районунун тургундары баңги кылмыштуулугу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болгону кабарланууда. Шектүүлөр баңгизаттарды Тажикстандан Кыргызстандын аймагына, андан соң башка өлкөлөргө ташып жүрүшкөн.

«Кызматтык итти колдонуу менен тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйүндөгү бактын алдына көмүлгөн өзгөчө жыты бар таңгакталган баштык табылган. Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, 5 килограмм 873 грамм салмактагы апийим жана 3 килограмм 916 грамм болгон ооган түспөлүндөгү гашиш табылып алынды», — деп берилет ИИМдин билдирүүсүндө.

Укук коргоо органдары табылган баңгизаттардын баасы көмүскө базарда болжол менен 70 000 АКШ доллар экенин кошумчалады.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.