Коронавирус 13 медиктен аныкталып, 14 медкызматкер илдеттен айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабтан 26-октябрда Бишкек шаарынан — бир, Талас облсунан — төрт, Ош шаарынан, Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарынан — экиден медик коронавируска чалдыкканын кабарлашты.

Мындан сырткары өткөн суткада 14 медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын алтоо ооруканада, сегизи үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 588ге жетти — анын 3 280и оорудан айыккан. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы брифингде билдиргендей, компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2000ге жакын медик документ тапшырган. Ал эми 200 миң сомдон кенемтени 377 медик жана 1 млн сомдон 27 медкызматкердин үй-бүлөсүнө төлөнгөн.

Ошондой эле, Бейшеналиев «Кызыл зонада» иштеген 5241 медикке сентябрь айында 71 млндон ашуун кенемте төлөнгөнү тууралуу айткан.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкерлер ушунча көп болгонуна карабастан алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп атканын айтып арызданушууда — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюррократия бар. Мындан сырткары , жуктуруу иш үстүндө болгонун далилдөө абдан оор. Эгер медик жумуш үстүндө жуктурганын далилдей албаса, анда ага компенсация чегерилбейт.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 56 170ке жетти. Алардын ичинен 47 843ү адам илдеттен айыгып, 1 134ү каза тапты.