ССМ: Өлкөнүн түштүгүндө COVID-19 жуктуруу учурларынын өсүшү саясий окуяларга байланыштуу

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

Кыргызстандын түштүгүндө COVID-19 жуктуруу учурларынын саны кескин өсүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрда өткөн басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүш өлкөдөгү саясий окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн.

«Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы эпидемиологиялык кырдаалды изилдөө максатында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына барып келди. Инфекцияга кабылгандардын санынын өсүшүнө октябрдын башында болгон окуялар, ошондой эле шайлоо алдындагы иш-чаралар себеп болушу мүмкүн экенин аныктадык», — деп айтты Бейшеналиев.

Анын айтуусу боюнча, жарандар топ-топ болуп чогулушуп, санитардык эрежелерди сакташкан эмес.

«Кыргызстандыктар коомдук жайларда аралыкта сакташпайт, беткап тагынышпайт. Биз ушул эрежелерди сактабагандарга жазаны катуулоо үчүн жана массалык иш-чараларга тыюу салуу үчүн өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз», — деп билдирди ведомствонун башчысы.

Бейшеналиев коронавируска чалдыккандардын санынын өсүшүнө бийлик даярдык көрүп жатканын жана бейтаптарды дарылоо үчүн койка орундар даярдалып жатканын кошумчалады.

«Коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн 8 163 койка орун даярдадык. Анын 366ы — жандандыруу бөлүмүндө. Керек болгон учурда кошумча койкаларды ачууга даярбыз», — деди Бейшеналиев.

COVID-19 жуктуруу учурларынын өсүшү

Сентябрдын аягынан тарта Кыргызстандын түштүк аймагында коронавируска кабылгандардын саны өсүүдө. Ал эми октябрь айында COVID-19 жуктуруп алгандардын саны бир нече эсеге өскөн.

2020-жылдын 26-сентябрына карата статистика:

  • Ош — 9;
  • Ош облусу — 22;
  • Жалал-Абад облусу — 34;
  • Баткен облусу — 43.

2020-жылдын 26-октябрына карата статистика:

  • Ош — 32;
  • Ош облусу — 51;
  • Жалал-Абад облусу — 112;
  • Баткен облусу — 49.

Жалал-Абад облусу ооруга кабылгандардын саны боюнча Кыргызстанда экинчи орунда турат. Пандемия башталгандан бери аталган облуста COVID-19 6 585 адамда аныкталган.

Үчүнчү орунда Ош облусу — ал жакта коронавирус инфекциясы 6 327 адамда тастыкталган.

Ал эми Баткен облусунда инфекция жалпысынан 4 951 адамда табылган.

26-октябрга карата, Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 56 170ге жетти.