Депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Курманкул Зулушев мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Элвира Сурабалдиева менен Курманкул Зулушевди мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты.

Зулушев буга чейин президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун сунушу менен башкы прокурорлукка көрсөтүлүп, парламент тарабынан колдоого алынган. БШК Зулушевдун жаңы дайындалган кызматы депутаттык ишмердиги менен шайкеш келбей турганын белгилеп, аны мандаттан ажыратты.

Ал эми эл өкүлү Элвира Сурабалдиева депутаттык мандатын тапшыруу боюнча өзү БШКга кайрылган. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Сурабалдиева арызын анын орун басары Абдыжапар Бекмаматовго тапшырганын билдирди.

Курманкул Зулушев «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болчу, ал эми Элвира Сурабалдиева КСДП партиясынан депутат болуп келген. Аталган депутаттардын орду бош калгандыктан алар партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге берилиши керек.

Жыйында БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мандатты тизмедеги кийинки талапкерлерге тапшыруунун кажети барбы деп кызыкты.

Анткен менен Зулушевдин ордуна Самат Исманов сунушталып, Боршайкомдун 9 мүчөсү колдоп, бирөө каршы болду. Ага дароо эле депутаттын мандаты жана төш белги тапшырылды. Ал эми Сурабалдиеванын ордуна Чинара Урумкалиева сунушталып, ага дагы мандат менен Жогорку Кеңештин депутатынын төш белгиси тапшырылды.

6-чакырылыштагы депутаттардын мандаты мыйзам боюнча 28-октябрда аяктайт. Анткен менен Жогорку Кеңештин депуттары кайрадан парламенттик шайлоонун мөөнөтү 2021-жылдын жаз айларына чейин жылдырылгандыктан дээрлик жети ай иштешет. Бирок, эл өкүлдөрүнүн мындай кадамын юристтер Конституциялык мыйзамды одоно бузуу катары сыпатташууда. Себеби, мыйзамда парламенттин мөөнөтү 5 жыл деп так жазылган. Ал ортодо бир катар депутаттар «узартылган» ыйгарым укуктарынын маалында айлык албай иштөөнү сунуштады. Анткен менен аны бардык эле депутаттар колдоого алган жок. Евгения Строкова маяна албай иштөөгө каршы экенин билдирди.