Калаа башчысынын жаңы милдетин аткаруучу эки вице-мэрди кызматынан бошотту

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Балбак Түлөбаев эки вице-мэрди ээлеген кызматтарынан бошотту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтарынан социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева менен жарандык турай жай чарбасы боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаев бошотулду.

Мозгачева вице-мэрлик кызматынан өз каалоосу менен кеткенин билдирди. Анын айтымында, бул кадамга барууга «белгилүү жагдайлар» себеп болгон.

Анткен менен Мозгачева Балбак Түлөбаев менен мамилеси жакшы экендигин, ортодо талаш-тартышы жоктугун белгиледи.

Ал эми Kaktus.Media басылмасы экс-вице-мэр Алымбек Абдылдаев учурда ооруканада жатканын кабарлады.

Кыргызстандын эмгек кодексине ылайык, ооруп жаткан кызматкерди жумуштан бошотууга болбойт. Бирок буга карабастан, Балбак Түлөбаев аны кызматынан бошотту.

Түлөбаев мэрдин функцияларын борбор калаанын жаңы мэри шайлангыча 2021-жылдын апрелине чейин аткарат.

Балбак Түлөбаев буга чейин да мэрияда иштеген. Ал 2018-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болгон. Андан соң өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, ал жакта мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганга чейин иштеген.