Акыркы суткада коронавирустун 538 жаңы учуру катталды — анын 139у Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 28-октябрда коронавирустун жаңы 538 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 401инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 137синде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 139;

Баткен облусу — 125;

Жалал-Абад облусу — 86;

Ош облусу — 52;

Чүй облусу — 40;

Ош шаары — 23;

Ысык-Көл облусу — 31;

Талас облусу — 25;

Нарын облусу — 17.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 57 276га жетти. 

Ошондой эле, акыркы суткада 414 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 83, Ош облусунан — 76, Бишкек шаарынан— 65, Ош шаарынан — 41, Баткен облусунан — 62, Чүй облусунан — 46, Ысык-Көл облусунан — 22, Нарын облусунан — 4, Талас облусунан - 15 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 48 637 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 479 бейтап, ал эми үй шартында 3 488 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 138 адамдын өмүрүн алды.