Балбак Түлөбаев: Абдылдаев менен иштеше албайм, мажбурлабагыла

Бишкек мэриясынын имаратынын алдына кызматтан алынган турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаевди колдогондор чогулуп, аны кызматка кайра коюуну талап кылышты.

Акцияга чыккандар менен мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жолукту.

Чогулгандар «Абдылдаев келсин» деп кыйкырып, колдоруна «Вице-мэрлерди кайтаргыла, иштөөгө мүмкүнчүлүк бергиле» деген транспаранттарды көтөрүп алышкан.

Түлөбаев Абдылдбаев ал келгенде «вице-мэр эмес, кеңешчи кызматында» болгонун айтып ишендирди.

«Мен келгенде кеңешчи болчу. Кеңешчи деген кызматтын мага кереги жок. Ал вице-мэр эмес болчу», — деди ал.

Ошондой эле, ал Абдылдаев менен иштеше албай турганын белгилеп, «мисалы, мен аялым менен жашагым келбесе “заставлять” этесиңерби?» деп чогулгандарга кайрылды.

Мэрдин милдетин аткаруучу дагы бир вице-мэр Виктория Мозгачова өз арызы менен кеткенин билдирди.

27-октябрда Балбак Түлөбаев эки вице-мэрди — Алымбек Абдылдаев менен Виктория Мозгачованы кызматтан алганы кабарланган. Айрым ЖМКлар Абдылдаев ооруп дарыланып жатканына карабай, чакыртып келип, мажбурлап арыз жаздарганын жазышкан. Ал эми Мозгачова алгач өз ыктыяры менен кеткенин билдирген. Бирок кийин ал эмне үчүн мыйдай кадамга барууга мажбур болгонун түшүндүргөн. Мозгачованын айтымында, Түлөбаев Алымбек Абдылдаевден «вице-мэрлик креслоңду бошот» деп талап кылганда ал Абдылдаевдин таламын талашканда аны дагы кызматтан кет деп билдиришкен.