Бишкек мэринин кеңешчиси: Балбак Түлөбаев өзүн падыша сезип алды

Гуля Алмамбетова

Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова калаа башчынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен сүйлөшүп кызматтан алынган вице-мэрлерди кайтарууну айтканын билдирди. Бирок Түлөбаев буга макул болгон эмес.

«Ал кандайдыр бир текшерүүлөр бар экенин айтты. Мен ага “текшерүү жок болгондо ал [Абдылдаев] тынч, жакшы иштеген” дедим. Ал “жок, сен эч нерсени түшүнбөйсүң, сен да мага керек эмессиң. Сураныч, кетип кал” деди. Балбак Зарлыкович өзүн Кудай, падыша сезип алыптыр. Мен ага аларды кайтарууну айттым, бирок ал баш тартты. [...] Ал менин кеңештериме муктаж эмес экенин айтты», — деди Алмамбетова.

Ошол эле учурда Алмамбетова Түлөбаев аны да иштен кетиргенин билдирди. Мындан сырткары ал мэрдин милдетин аткаруучу кызматтардан бошото албай турганын айтты.

Вице-мэрлер Алымбек Абдылдаев жана Виктория Мозгачева 27-октябрда кызматтарынан бошотулган. Кийинчерээк Бишкек шаардык мэриясынын алдына ондогон киши чогулуп, вице-мэрлерди кайтарууну талап кылышкан.

Ал эми Түлөбаев митингчилерге чыгып, Абдылдаев вице-мэр эмес, кеңешчи болгонун жана ага «кеңешчи керек эмес» экенин айткан. Ошондой эле ал Мозгачева өз калоосу менен кеткен деп ишендирген.

Мындан сырткары, Түлөбаев Абдылдаевге карата иш козголгонун айтып, «кылмышка шектүүлөр менен иштебеймин» деген. Ал эми Алмамбетова анда «Абдылдаевге карата текшерүүлөрдү Түлөбаев баштаган» деген маалымат бар экенин айтты.

Буга карабастан айрым ЖМКлар Түлөбаев Абдылдаевди ал ооруп, дарыланып жатканында мажбурлап арыз жаздарганын жазышкан. Мозгачева болсо алгач өз ыктыяры менен кеткенин билдирген. Бирок кийин ал эмне үчүн мыйдай кадамга барууга мажбур болгонун түшүндүргөн. Мозгачованын айтымында, Түлөбаев Алымбек Абдылдаевден «вице-мэрлик креслоңду бошот» деп талап кылганда ал Абдылдаевдин таламын талашканда аны дагы кызматтан кет деп билдиришкен.