Аспеков: Жапаровдун кеңешчиси менен «Манастын» башчысы кетпесе, ачкачылык жарыялайм

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташы Мелис Аспеков анын кадрдык дайындоолоруна ичи чыкпаганын айтууда. Атап айтсак, Аспековго Жапаровдун кеңешчиси Арзыбек Бурханов менен «Манас» аэропортунун жетекчиси Бакыт Сыдыковдун кызматка дайындалганы жаккан эмес.

Аспеков Сыдыков менен Бурханов кызматтарын тапшырбаса Бишкектин борбордук аянтына боз үй тигип, ачкачылык жарыялай турганын айтууда. Бул тууралуу ал фейсбук барагына жазган.

«Садыр Жапаровдун уктап жатканда эле жанында болбосо, калган убакытта көлөкөдөй жүргөн Арзыбек Бурханов — аферист, канча адамды алдаган бир эргул. Мен таң калганым, Садыр байке аны кеңешчим деп айтканын өзүм уктум. Ушул кантип болсун? Ушул сыяктуу туура эмес көрүнүштөр бар болуп жатат», — деп жазат Аспеков.

Анын айтымында, ал Бакыт Сыдыков «Манас» аэропортунун башчылыгынан кетпей тургандыгын уккандан кийин 5-октябрда болуп өткөн окуялар боюнча оюн өзгөрткөн.

«Биз бир өзгөрүү болсун, люстрация болсун деп революция кылганбыз. Люстрация эмес, люстра болуп жатпайбы. Бул жазган үчүн байкеден [Садыр Жапаровдон] бүгүн сөз угам, балким келтек жеймин, бирок мен чындыкты айтканга көнүп калгам», — деп жазды активист.

Арзыбек Бурханов «Ак Жол» партиясынан эки жолу парламентке депутат болуп келген, ал эми 2011-жылы Баткен обладминистрациясын жетектеген. Бурханов менен Жапаров экөө Бурхановдун ишкерге карызын «чечүү маселеси боюнча» кримтөбөл Камчы Көлбаевге барышкан чуу менен байланыштуу. 2013-жылы «Коля-кыргыздын» ишин кароодо Бурханов жабырлануучу катары чыгып, бирок Көлбаевге карата бардык дооматтарынан баш тарткан.

Сыдыков жана «Манас» аэропорту

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин кеңешчисинин уулу жана «Ата-Журт» партиясынын мурдагы депутаты 21-октябрда «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган. Саясий кризистен улам кызмат алмашуулар башталганга чейин Бактыбек Сыдыков «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде парламенттин жетинчи чакырылышына келүүгө камданып жаткан.

Сыдыков кызматка дайындалган күндүн эртеси аэропорттун 50дөн ашык кызматкери митингге чыгышкан. Алар Сыдыков буга чейин 2007-2010-жылдары аэропортту жетектеп, өзүн терс жагынан көрсөтүп койгондуктан кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Алар Сыдыковдун талапкерлигин өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондусунун сунуштоосунан кийин жактырган Жапаров, кадр тандоодо катардагы адамдардын үнүн угуп, пикирин эске алышы керектигин да белгилешкен.

Андан кийин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аэропорттун жаңы дайындалган башчысын жеке сүйлөшүүгө чакырган. Бирок Жапаров ал он күндүн ичинде аэропорттогу коррупция менен күрөшүүнүн жана стратегиялык объекттин маселелерин чечүү боюнча концепциясы менен тааныштырууну убада кылгандыгы үчүн кызматтан бошотпоону чечкен.

Жапаров Сыдыков эгер алдына коюлган милдетин аткара албаса кызматынан алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп убада кылган. Он күндүк убакыт аяктаганга чейин үч күн калды.