Кыргызстан дары-дармек жана каржылык жардам сурап Казакстанга кайрылды

29-октябрда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев казак премьери Аскар Мамин менен жолугушту. Казакбаев Маминден Кыргызстанга дары-дармек жана каржылык жардам көрсөтүү маселесин карап чыгууну өтүндү. Ушул эле өтүнүчүн Казакстандын ТИМнин башчысы Мухтар Тлеуберди менен жолугушууда да айтылды.

ТИМдин маалыматына караганда, Кыргызстан бюджетти колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн каржылык жардамга муктаж.

Андан сырткары, Казакстандан саламаттык сактоо тармагына да дары-дармек жана коргонуу каражаттары жагынан жардам суралды.

«Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап жакынкы аралыкта жогорку жана бийик деңгээлдеги, анын ичинде көп тараптуу иш чаралардын алкагындагы эки тараптуу жолугушууларды уюштурууну макулдашылды», — деп билдирет ТИМ.

Ошондой эле Казакбаев Казакстанга болгон иш сапарында «Казах Экспорт» компаниясы менен эки тарапка пайдалуу соода алакалары тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Казак тарап октябрдын башындагы Ак үйдү басып алуу менен аяктаган митингдерден кийин «Каз Минералз Бозумчак», «Жерүй», «Жамгыр» жана «Вертекс Голд Компани» компанияларындагы талап-тоноого нааразычылыгын билдирген болчу.

Руслан Казакбаев Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп 2020-жылдын 15-октябрында дайындалган. Министрликти жетектеп баштаган жарым айдын аралыгында ал Орусиянын ТИМнин башчысы Сергей Лавров менен да жолугушкан.

Жолугушуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Кремль Кыргызстандагы саясий абал турукташканча финансылык жардамдарды токтотуп турууну «ылайык көрүүдө» деген билдирүүсүнөн кийин болуп өткөн.

Казакбаев Лавров менен жолугушуусунда Кыргызстанга жеңилдетилген насыя берүү маселесин талкуулаган.