«Легпром»: Пандемиядан улам өлкөдө тигүүчүлөрдүн 70%га чукулу кыскарды

Иллюстративдик сүрөт

«Легпром» жеңил өнөр жай бирикмесинин башчысы Сапарбек Асанов тигүү тармагындагы маселелер боюнча 29-октябрда өткөн жолугушууда пандемиядан улам Кыргызстандагы тигүү ишканаларынын бир бөлүгү жабылып, кызматкерлери коё берилгенин билдирди.

Анын айтымында, пандемия жана соода токтоп калгандыктан бир-эки жыл алдыга келишим түзгөн жана эски байланыштары аркылуу ишин жолго койгон өндүрүш ишканалары гана иштей алат.

«Ишканалар пандемиянын айынан кызматкерлеринин 70% коё беришти. Жумуш жок, продукция сатылбай жатат», — деп билдирди Асанов журналисттерге.

«Легпромдун» башчысы тигүү өнүмдөрүнүн сектору 100% экспортко багытталганын, бирок пандемия жана чек аралар жабык болуп аткандыктан «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары аркылуу иштеген тигүүчүлөр жапа чегишкенин кошумчалады.

«Эч ким келбей калгандыктан алар зыян тартышты. Ага кошумча чийки затты импорттодо Кытайдан көз каранды болгонубуз дагы чоң терс таасир берет», — деп кошумчалады.

Өнөр жай мамкомитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаев да жолугушууда 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен тигүү продукцияларанын экспорттук көлөмү 37% азайганын айтып берди. Өткөн жылдын 8 айында экспорт 67,3 млн долларды түзгөн, ал эми үстүбүздөгү жылдын ушул эле мезгилдеринде экспорт 42,5 млн долларга чейин кыскарган.

Сагынбаевдин маалыматына караганда, 2020-жылы жеңил өнөр жайдын бардык өнүмдөрүнүн көлөмү өткөн жылга караганда 21,6%га азайган. Ал эми тигүү продукцияларынын көлөмү 20,5%га төмөндөгөн.

Кыргызстанда тигүү тармагында 200 миңден ашык адам эмгектенет. Алар эмгек акысын күн сайын алышат. Бирок дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанда коронавирус пандемиясы күч алганы көп ишканалардын, анын ичинде тигүү фабрикаларынын иши токтоп калган.

Пандемиядан улам чек аралардын жабык болуп атканы тигүү продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүүгө да, өндүрүш үчүн керектелчү чийки заттарды да Кытайдан алып келүүгө таасир эткен.